Kaktus KG — Кыргызстандагы эң актуалдуу жана ишенимдүү жаңылыктарды сунуштаган ютуб каналы. Биздин каналдан сиз Кыргызстан жанылыктары, Бишкек жанылыктары, Ош жанылыктар, Баткен Жанылыктар жана дүйнөдөгү маанилүү окуялар боюнча соңку маалыматтарды таба аласыз. Каналыбызда саясат, шоубизнес, маданият жана башка кызыктуу темалардагы жаңылыктарды сунуштайбыз.
Биздин каналда ар түрдүү видео материалдар, кызыктуу кыргызча интервьюлар, аналитика жана терең мазмундуу окуялар көрсөтүлөт. Сиз ар дайым Kaktus KG аркылуу эң актуалдуу жаңылыктардан жана өлкөдөгү эң маанилүү окуялардан кабардар болосуз.
Kaktus KG
Президент Садыр Жапаров 16-майда “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, аталган система Башкы прокуратурадан Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлөт.
Мамлекет башчысынын жарлыгында бул кадам мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана органдардын ишин оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы белгиленген.
Министрлер кабинетине бир жуманын ичинде тиешелүү мыйзам долбоорлорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, кылмыш жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри өлкөдө 2018-жылдан тарта ишке киргизилген. Ал кезде реестрди көзөмөлдөө милдети Башкы прокуратурага жүктөлгөн болчу.
Система жарандарга өз арызынын каралышы, тергөө жана сот иштери боюнча маалыматтарды онлайн түрдө көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берери айтылып келген.
3 months ago | [YT] | 20
View 1 reply
Kaktus KG
Кадыр түндүн убактысы такталды
Быйыл Кадыр түн 27-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашат.
Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Эгер адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жок дегенде ооз жапканга чейин жакшы амал, ибадаттарды жасашы керек.
6 months ago | [YT] | 25
View 0 replies
Kaktus KG
Актриса, режиссёр, кинопродюсер жана Кыргызстандын кинематографисттер союзунун мүчөсү Рыскан (Ырыс) Жоомартова 60 жашында дүйнөдөн кайтты.
Кесиптештеринин айтымында, акыркы күндөрү ал Россияда дарыланып, операцияга даярданып жаткан.
Ошондой эле Жоомартова Ж. Баласагын атындагы КНУнун Социалдык илимдер институтунун психология кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.
Анын артында жакындары жана эки баласы калды.
Kaktus.kg редакциясы жакындарына көңүл айтат.
6 months ago | [YT] | 63
View 11 replies
Kaktus KG
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында чыккан өрттөн бир адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 25-февралда саат 03:00дө Козубаев көчөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тилсиз жоонун себеби жылыткычтын электр жабдуусундагы бузулуу болушу мүмкүн. Өрт чыккан жерден болжол менен 50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Учурда анын ким экени такталууда.
6 months ago | [YT] | 8
View 0 replies
Kaktus KG
Бишкекте турак-жайларга жылуулук норма боюнча берилет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитеттен жылуулук мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градуска жеткенде аныктала турганын эскертти.
Объекттерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден, мурда пайдаланылган жылуулук энергиясы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишкана, мекемелерине жана объекттин кышкыга даярдыгы тууралуу актысы барларга берилет.
11 months ago | [YT] | 43
View 0 replies
Kaktus KG
4-октябрда Казакстандын Талгарында 16 жаштагы өспүрүм резонанстуу каза болгон. Баланы бир банка сыра (пиво) үчүн сабашып, жаракат алган. Ал топ балдар атасына кол салып жатканда болушууга аракет кылган. Жаңжалдан кийин полиция жети адамды кармаган.12-октябрда өспүрүмдүн атасынын үйү өрттөнүп, Казакстандын Башкы прокуратурасы үй атайын өрттөлгөнүн билдирди. Маркумдун жакындары күнү-түнү кайтарууга алынып, Талгар көчөлөрүндө Улуттук гвардия күзөткө тура баштады. Жергиликтүү тургундар киши өлтүрүүгө жана үйдү өрттөөгө "кылмыштуу" топтун тиешеси бар деп эсептешет, бирок полиция ага макул эмес.
11 months ago | [YT] | 126
View 0 replies
Kaktus KG
Бишкекте 23 жаштагы кыз үйдүн чатырынан секирип кетти.
Белгиленгендей, 9-сентябрда 102 кызматына Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кыз секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери 2001-жылы туулган Р.Д. окуя болгон жерден каза болгонун аныкташкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Бул факты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
1 year ago | [YT] | 74
View 0 replies
Kaktus KG
Казакстандын Мангистау облусунун Бесшокы айылында окуучулардын массалык уулануусу боюнча иликтөө өкмөттүн көзөмөлүндө.
Бүгүнкү күндө 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, алардын 85и ооруканада. Бардык жабырлануучулардын абалы туруктуу жана жакшырууда.
Алдыда мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн бир айдын ичинде республиканын бардык мектеп ашканаларында санитардык талаптар көзөмөлгө алынат. Ал эми Бесшокыдагы мектеп боюнча иликтөө иштери жүрүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.
1 year ago | [YT] | 27
View 0 replies
Kaktus KG
Бажы кызматынын мурунку жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык "Эрем" спорттук клубу Ош шаарынын мэриясына өткөрүлдү.
Буга ылайык, 29-август күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясында "Эрем" клубу мэриянын балансына өтө турганы боюнча токтом кабыл алынган. Эми "Эрем" клубун мындан ары муниципалитеттин спорттук комитети жетектемей болду.
1 year ago | [YT] | 212
View 0 replies
Kaktus KG
Бишкек-Ош унаа жолундагы "Төө-Ашуу" жана "Ала-Бел" ашууларында туман каптап, жаан аралаш кар жаап жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жааган кар жерге токтобой, ээрип жатканын белгилейт.
Маалым болгондой, "Өтмөк" ашуусунда да ушундай эле абал орун алууда. Ал эми өлкөнүн калган ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө киргизилген жок, каттам бар.
Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат деп кошумчалашты Транспорт министрлигинен.
1 year ago | [YT] | 95
View 0 replies
Load more